Администрация Административдик мамлекеттик башкы, улук кызмат орундарына кадрлар резервдерин түзүү үчүн ачык конкурс жарыялайт
19
Фев
Административдик мамлекеттик башкы, улук кызмат орундарына кадрлар резервдерин түзүү үчүн ачык конкурс жарыялайт
Сузак райондук мамлекеттик администрациясы “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 1-февралындагы ПЖ №24 Жарлыгына ылайык административдик мамлекеттик башкы, улук кызмат орундарына кадрлар резервдерин түзүү үчүн ачык конкурс жарыялайт.
КВАЛИФИКАЦИЯЛЫК ТАЛАПТАР:
1) Башкы кызмат орундары үчүн:
- мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, менеджмент, юридикалык, экономикалык, техникалык багытта жогорку билим;
- экономика, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу багыты, техникалык, энергетика жана электротехника, транспорттук техника жана технология багыты, айыл чарба, геодезия жана жерге жайгаштыруу, токой ресурстарын кайталап өндүрүү жана кайра иштетүү багыты боюнча жогорку билим.
- гуманитардык, социалдык илимдер, педагогикалык, саламаттыкты сактоо же юридикалык багыты боюнча жогорку билим.
- жалпысынан 3 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тиешелүү тармактык багыты боюнча тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү 5 беш жылдан кем эмес иш стажы.
2) Улук кызмат орундары үчүн:
- экономика, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу багыты, техникалык, энергетика жана электротехника, транспорттук техника жана технология багыты, айыл чарба, геодезия жана жерге жайгаштыруу, токой ресурстарын кайталап өндүрүү жана кайра иштетүү багыты боюнча жогорку билим.
- гуманитардык, социалдык илимдер, педагогикалык, саламаттыкты сактоо же юридикалык багыты боюнча жогорку билим.
- мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы 1 жылдан кем эмес жана тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.
КЕСИПТИК КОМПЕТЕНТТҮҮЛҮГҮ:
Башкы кызмат орундары үчүн:
Жалпы Мыйзамдар:
- Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамы, Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодекси, “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө”, “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”, “Кызыкчыктардын кагылышуусу жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө, “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамдары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамасы.
Предметтик багыты боюнча:
- Жергиликтүү Кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдары;
- «Электр энергиясы жөнүндө», «Шаар куруу жана архитектура жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдары;
- Кыргыз Республикасынын «Массалык маалымат каражаттары жөнүндө», Кыргыз Республикасынын «Эркектер менен аялдар үчүн бирдей укуктар менен бирдей мүмкүнчүлүктөрдүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө» мыйзамдары.
- кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик тилди жана расмий тилдерин билүү
Улук кызмат орундары үчүн:
Жалпы мыйзамдар:
- Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
- “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
- “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
- “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
- “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамасы.
Предметтик багыты боюнча:
Экономика багыты боюнча:
- Кыргыз Республикасынын “Электр энергиясы жөнүндө” жана “Шаар куруу жана архитектура жөнүндө” Мыйзамдары.
КОНКУРСКА КАТЫШУУ ҮЧҮН КЕРЕКТҮҮ ДОКУМЕНТТЕР e-Kyzmat автоматташтырылган маалымат системасынын https://kyzmat.gov.kg/ порталындагы “Жеке кабинет” аркылуу тапшырылат:
– өзүнүн арызы;
- өздүк баракча;
– резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен), өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);
жогорку билими жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтер;
эмгек китепчеси;
– илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтер;
– паспорт.
Документтер 2026-жылдын 19-февралынан 4-мартына чейин кабыл алынат. Квалификациялык талаптарга жооп бергендер гана конкурска катышууга чакырылат.
Дареги: Сузак району Сузак айылы Сатвалды-Палван көч.108