2026-жылдын 3-февралында Сузак райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким Б.Ж.Сыдыкназаровдун жетекчилигинде Сузак районунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана айрым мекеме-ишканаларынын башчыларынын жана кызматкерлеринин катышуусунда коррупцияга каршы аракеттенүүнү күчөтүү жөнүндө жыйын өткөрүлдү.
Жыйында айыл өкмөттөрүнүн жана Көк-Жангак шаардык мэриясынын жетекчилерине жана кызматкерлерине жеке жоопкерчилик жөнүндө катуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүлдү.
Коррупциялык укук бузуулардын алдын алуу боюнча реалдуу жана формалдуу эмес профилактикалык чараларды күчөтүү тапшырмалары жеткирилип, эгерде айыл өкмөтүнүн, мекеменин же ишкананын жетекчиси/кызматкерлери коррупциялык фактылар боюнча жоопко тартылса, бул айыл өкмөт башчысы же шаардын мэри тарабынан башкаруучулук милдеттерди талаптагыдай аткарбагандык катары бааланары жана жеке жоопкерчилиги каралаары эскертилди.