
Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын 2024-жылдын
31-июлундагы №236-б буйругу менен бекитилген
2025-2030-жылдарга Сузак районунун аймагында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегияны ишке ашыруу жөнүндө ИШ-ЧАРАЛАР ПЛАНЫ
(2025-2027-жылдардын орто мөөнөттүү мезгилинде I этап үчүн)
|
1-глава. Социалдык чөйрөнүн жана экономиканын тармактарында жарандардын мамлекеттик бийилк органдары менен өз ара аракеттенүүсүндө коррупциялык көрүнүштөрдүн алдын алуу |
||||||
|
№ |
Милдеттер |
Иш-чаралар |
Ишке ашыруу мөөнөтү |
Күтүлүүчү натыйжалар |
Жооптуу аткаруучулар |
Каржылоо булактары |
|
1 |
2 |
3 |
4 |
5 |
6 |
7 |
|
1. |
Социалдык чөйрөнүн жана экономиканын тармактарында жарандардын мамлекеттик бийлик органдары менен өз ара аракеттенүүсүндө коррупциялык тобокелдиктерди минималдаштыруу |
1. Бийлик органдарынын жарандар жана жеке сектор менен өз ара аракеттенүү процесстерин автоматташтырууга багытталган ченемдик укуктук актыларга талдоо жүргүзүү, жол-жоболордун жана чечимдерди кабыл алуу процесстеринин айкындуулугун жана ачыктыгын камсыз кылуу, коомдун маалымдуулугун жогорулатуу 2. “Түндүк” ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасы (ВЭӨС) аркылуу алууга мүмкүн болгон кызматтарды көрсөтүүдө жеке жана юридикалык жактардан талап кылынган документтердин (маалымкаттардын, маалыматтардын ж.б.) тизмесин кыскартуу боюнча чараларды көрүү |
2025-жыл |
Жол-жоболордун айкындуугун жана ачыктыгын камсыз кылууга, санариптештирүү фонунда талап кылынган документтердин тизмесин кыскартууга багытталган ченемдик укуктук актылар кабыл алынды |
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Калкты каттоо департаментинин 04-07 региондор аралык бөлүмү |
Мүмкүнчүлүгүнө жараша |
|
2-глава. Мамлекеттик каражаттарды башкаруу, финансылык контролдоо системаларын жана сатып алуу жол-жоболорун өркүндөтүү |
||||||
|
1. |
Бюджеттик процесстердин ачык-айкындуулугун жогорулатуу, контролдоо системасын өркүндөтүү жана финансылык тартипти бекемдөө |
Төмөндөгүлөргө багытталган бюджеттик укуктук мамилелер чөйрөсүндөгү укуктук актыларды колдонууга талдоо жүргүзүү: - кирешелерди, бюджеттик бөлүнгөн каражаттарды түзүүнүн, мамлекеттик долбоорлорду ишке ашыруунун, салык жеңилдиктерин берүүнүн, мамлекеттик (муниципалдык) менчик объекттердин менчиктештирүү процесстерин ишке ашыруунун мыйзамдуулугун жана толуктугун камсыз кылуу; - бюджеттик документтерди жарыялоо аркылуу бюджеттин ачык-айкындуулугун жогорулатуу боюнча чараларды көрүү, бюджеттик каражаттардын чыгымдалышын контролдоо жана көзөмөлдөө механизмдерин бекемдөө, бюджеттик процесстерге жарандык коомду тартуу, жаңы санариптик технологияларды пайдаланууда жарандардын маалымдуулугун жогорулатуу |
2025-жылдын II жарым жылдыгы |
Аналитикалык маалымат түзүлдү |
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары |
Мүмкүнчүлүгүнө жараша |
|
3-глава. Санариптештирүү процесстерин өнүктүрүү жана азыркы этапта коррупцияга каршы күрөшүүнүн натыйжалуу чараларынын бири катары мамлекеттик жана муниципалдык түзүмдөрдүн ишине маалыматтык технологияларды киргизүү |
||||||
|
1. |
Жүк ташууларды контролдоо боюнча системаны ишке киргизүү |
Төмөнкүлөрдү камтыган жүк ташууларды контролдоо боюнча автоматташтырыган маалыматтык системаны (АМС) иштеп чыгуу: - салмак габариттик контролдоонун автоматташтырылган системасын ишке киргизүү; - жүктүн абалын жана жайгашкан жерин белгилөө үчүн электрондук документ жүгүртүү системасы, транспорттук-логистикалык кубаттуулуктарды резервдөө; - электрондук товар коштоочу документтерди онлайн берүү |
2025жыл |
Жүк ташууларды контролдоо боюнча АМС иштөөдө |
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары |
Мүмкүнчүлүгүнө жараша |
|
2. |
Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү, административдик жол-жоболорду санариптештирүү |
1. Лицензияларды жана уруксаттарды берүүнү кошкондо, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүүнү Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу электрондук санариптик форматка өткөрүүнү жана “Түндүк” ЭВӨС аркылуу мамлекеттик (муниципалдык) органдардын санариптик өз ара аракеттенүүсүн камсыздоо, административдик жол-жобону жүргүзүү процессинде санариптик технологияларды колдонуу, экономиканын бардык тармактарында АМСти ишке киргизүү, башка АМСтер менен интеграциялоо |
2025-2026-жылдар |
Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтар калкка электрондук-санариптик форматта көрсөтүлүүдө, коррупциялык тобокелдиктер минималдаштырылды |
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары |
Мүмкүнчүлүгүнө жараша |
|
2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында жерди пайдалануу боюнча иштин санариптик эсебин, ошондой эле айыл чарба багытындагы жерлердин санаритик реестрин түзүү |
2025-2026-жылдар |
Жерди пайдалануунун натыйжалуулугун жана ачык-айкындуулугун олуттуу жогорулатууну камсыздоочу жерге жайгаштыруунун санаритик технологиялары ишке киргизилди |
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары |
Мүмкүнчүлүгүнө жараша |
||
|
3 |
Жарандардын маалыматка жетүү мүмкүндүгүн камсыз кылуу |
1. Мамлекеттик органдардын жана ЖӨБО расмий сайттарында алардын иши жөнүндө, коррупцияны алдын алуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө маалыматтарды мезгил-мезгили менен жарыялоо. Мобилдик тиркемелер иштөө боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү. Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иши жөнүндө актуалдуу материалдардын чагылдыруу |
2025-2027-жылдар |
Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын расмий сайттарында алардын иши жөнүндө, “Корруцияга каршы аракеттенүү” атайын бөлүгүн маалыматтык толтурууну актуалдаштыруу аркылуу коррупцияны алдын алуу жаатындагы иштер жөнүндө маалыматтарды жарыялоо чараларын көрүү. Мобилдик тиркемелер ишке киргизилип, маалыматка жетүү мүмкүндүгү камсыз кылынды |
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары |
Мүмкүнчүлүгүнө жараша |
|
4 |
Коопсуздукту башкаруу системасын автомаштыруу жана өнүктүрүү |
Калктуу конуштардын коомдук жерлеринде укук бузуулардын жана кылмыштуулуктун алдын алуу маселелерин караган географиялык камтууну жана функционалды кеңейтүү менен “Коопсуз шаар” долбоорун ишке киргизүүнү улантуу |
2025-2027-жылдар |
“Коопсуз шаар” долбоору географиялык камтууну жана функционалын кеңейтүүдө |
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары
Сузак райондук ички иштер бөлүмү |
Республикалык жана жергиликтүү бюджеттер. Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн каражаттары |
|
4-глава. Стратегияны ишке ашыруу механизмдери |
||||||
|
1. |
Стратегияны ишке ашыруу |
Коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча стратегиялык ыкмаларды жана багыттарды камтыган, ушул Иш-чаралар планынын биринчи этабын ишке ашыруу механизмдерин камсыз кылуу |
2025-жылдын I кварталы |
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жыл сайын Стратегиялык иш-чаралар планын ишке ашырууну камсыз кылуучу иштин багыттары боюнча деталдаштырылган коррупцияга каршы пландуу иш-чаралар бекитилген |
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары |
Мүмкүнчүлүгүнө жараша |
|
5-глава. Стратегияны ишке ашыруу процесстерине мониторинг жана баалоо жүргүзүү |
||||||
|
1 |
Стратегияны ишке ашыруу процессине системалуу мониторинг ежана баалоо жүргүзүү |
Сандык жана сапаттык көрсөткүчтөрдү эске алуу менен коррупцияга каршы иш-чараларды ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө отчетту даярдоо |
2025-2027-жылдар (жыл сайын) |
Жыл сайын, отчеттук жылдан кийинки жылдын 15-январынан кечиктирилбестен, жооптуу аткаруучулар тарабынан стратегиядан келип чыккан ушул Иш-чаралар планын ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө отчеттор Сузак райондук мамлекеттик администарциясына берилет |
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Тиешелүү мекеме-ишканалары |
Мүмкүнчүлүгүнө жараша |
ОсОО "НурАдАр" Copyright © 2023-2026 Бардык укуктар корголгон