Главная Коррупцияга жол бербөө, алдын алуу багытында түшүндүрүу иштери жүргүзүлдү
25
Дек
Коррупцияга жол бербөө, алдын алуу багытында түшүндүрүу иштери жүргүзүлдү
2025-жылдын 12-декабрында Сузак райондук мамлекеттик администрациясында Сузак райондук мамлекеттик администрация башчысы-акимдин, Сузак районунун прокурорунун, Сузак райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысынын орун басарынын, Жалал-Абад облусунун мусулмандарынын казысынын катышуусунда Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 5-июнундагы “2025-2030-жылдарга Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегия жөнүндө” № 137 Жарлыгы менен 225-2030-жылдарга Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегиясы жана 2025-2030-жылдарга Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегияны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планынын 10-главасына ылайык, коомчулуктун маалымдуулугун жогорулатуу максатында Сузак районунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мекеме-ишканаларынын жетекчилеринин, мектеп директорлорунун, жеке ишкерлердин катышуусунда жыйын өткөрүлүп, коррупцияга жол бербөө, алдын алуу багытында түшүндүрүу иштери жүргүзүлдү.
Ошондой эле, жыйында ишкердик субъектилердин ишине мамлекеттик органдардын негизсиз кийилигишүүсүн чететтүү, аларды укуктук коргоону күчөтүү, жагымдуу ишкердик жана инвестициялык чөйрөнү түзүү, укук коргоо органдары жана салык кызматынын органдары тарабынан текшерүүлөрдү жүргүзүүдө коррупциялык тобокелдиктердин көрүнүшүнө каршы аракеттенүү боюнча иш аракеттерди жүргүзүү тапшырмалары жеткирилди.