2025-жылдын 5-сентябрында Сузак райондук мамлекеттик администрациясында Сузак райондук мамлекеттик администрация башчысы-акимдин биринчи орун басары Б.Суюнбаевдин, орун басары А.Маматжановдун, Сузак районунун прокурорунун орун басары Орозбек уулу Эсенбектин, Сузак райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысынын орун басары А.Мусаевдин, райондун ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлеринин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларынын, айыл башчыларынын жана жайыт комиттеринин башчыларынын катышуусунда жыйын өткөрүлдү. Жыйында, мал жандыктарынын жоголуусунун алдын алуу жана көзөмөлдөөнү күчөтүү, жаш өспүрүмдөр арасында кылмыштуулукту, үй-бүлөлүк зордук зомбулукту жана суициддин алдын алуу, Коррупцияга каршы күрөшүү боюнча иш аракеттерди күчөтүү жөнүндө жана башка маселелер (Сузак районунун экономика тармактарын жана калкын 2025-2026-жылдардагы күз-кыш мезгилине даярдоо жөнүндө) каралып, мал жандыктарынын жоголуусунун алдын алуу боюнча укук коргоо органдары менен тыгыз кызматташтыкта иш алып барылып, алдын алуу иштерин күчөтүү, “Үй-бүлөдөгү зордук зомбулуктун, жашы жете электердин арасында кылмыштуулуктун, суициддин алдын алуу багытында аткарылып жаткан иштердин абалы жөнүндө” маселе каралып, жашы жете электерге карата жана үй-бүлөдөгү зордук зомбулукту алдын алуу, жашы жете электердин арасында кылмыштуулукту, анын ичинде дарыларга болгон наркоманияны (аптечная наркомания), жаш балдардын катышуусунда жол транспорт кырсыктарын алдын алуу чараларын көрүү, коррупциялык көрүнүштөрдү алдын алууга багытталган натыйжалуу антикоррупциялык иш чараларды жүргүзүү, Сузак районунун экономика тармактарын жана калкын 2025-2026-жылдардагы күз-кыш мезгилине карата даярдоо иштерин жүргүзүү тапшырмалары берилди.