03.07.2024

“Жаңы кадам”: Коомдук келишимдин мыкты катышуучулары республикалык съездге чакырылат

0

Сузак районундагы 857 аз камсыз болгон үй-бүлө менен социалдык келишим түзүлүп, 100 миң сом кайтарымсыз акча каражаты бөлүнгөн. Кечээ, 31-июлда мамлекеттин каржылык колдоосу менен чакан бизнесин ийгиликтүү өнүктүргөн долбоордун катышуучулары үчүн райондук деңгээлде конференция уюштурулду.

Иш-чарага Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев, президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлүнүн орун басары Эркин Маматаев, Сузак районунун акими Баратбек Сыдыкназаров жана башка жетекчилер катышты.

Конференциянын катышуучулары кирешелүү бизнес ачуу тажрыйбасы менен бөлүшүп, ыраазычылык каттары менен сыйланышты. Ошондой эле, долбоордун мыкты катышуучулары сентябрь айында Бишкек шаарында өтө турган «Жаңы кадам» республикалык конгрессине катышуу үчүн тандалып алынган.

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген